Дүйнө

Орусияда мигранттарга телефон сатып алууну милдеттендирүү пландалууда

Орусиянын бийлиги өлкөгө келген мигранттарды телефон сатып алууга милдеттендирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Meduza басылмасы жазды.

Ички иштер министринин орун басары Игорь Зубовдун айтымында, өлкөгө катталган ар бир мигрант, өзгөчө эмгек мигранттары жана узак мөөнөткө келгендер, сөзсүз түрдө телефон сатып алышы керек болот.

«Телефондо алардын электрондук профили болот. Ошентип, биз ар бир мигранттын кайсы жерде жүргөнүн биле алабыз», — деди ал.

Анын айтымында, бул чара мигранттардын бир шаардан экинчи шаарга көзөмөлсүз көчүп жүрүшүнө жол бербөөгө багытталган.

Ошондой эле 2025-жылдын сентябрынан тартып Москва шаарында эксперимент жүргүзүлүп, иштөө үчүн келген бардык чет өлкөлүк жарандарга алардын жайгашкан жерин көрсөтүп турган «Амина» тиркемесин орнотуу милдеттендирилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button