Коом

Ошто жүзүн жапкан 11 аялга 20 миң сомдон айып салынды

Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы өткөн жумада жүзүн толук жапкан кийим кийип жүргөн 11 жаранга мыйзамга ылайык 20 миң сомдон айып пул салды.

Бул тууралуу ОШ ШИИБден кабарлашты.

Милиция кызматкерлери жарандарга чүмбөттөнүп жүрүүнүн коомго терс таасирлери тууралуу түшүндүрүү жүргүзүп, мыйзам талаптарын аткарууга чакырды.

Кыргызстанда мыйзамга ылайык мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда бетти толук жапкан кийим кийүүгө тыюу салынат. Алар беткаптар, диний кийимдер, жоолуктар, шлемдер.

Тыюу салынбаган учурлар:

• Медициналык себептер (ооруп жаткан учурда маска тагынуу);

• Кесиптик коопсуздук талаптары;

• Спорттук, маданий жана коомдук иш-чаралар.

Тектеш кабарлар

Back to top button