Саясат

Камчыбек Ташиев: Мен 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышпайм

Камчыбек Ташиев 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевге жакын саналган Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына маалымдады.

Төмөндө текст өзгөртүүсүз берилди.

«Урматтуу кыргыз элим!
Урматтуу мекендештерим!

Акыркы убактарда 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоо боюнча ар кандай сөздөр айтылып, менин атымды аралаштырган жалган маалыматтар да тарап жатат. Ошондуктан эл арасында ар кандай божомолдорго жол берилбеши үчүн өз позициямды ачык, так айтып коюуну туура көрдүм.

Биринчи. Мен 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышпайм. Бул тууралуу буга чейин да бир нече жолу так айткам. Бүгүн дагы ошол Генералдык сөзүмдөн кайтпайм! Менин позициям өзгөргөн жок жана өзгөрбөйт!

Экинчи. 2027-жылдагы президенттик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти, Башкы кол башчы Садыр Нургожоевич Жапаровду толук колдойм. Бул дагы менин көптөн бери айтып келе жаткан так позициям экенин билесиздер. Себеби өлкөнүн туруктуулугу, мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин ынтымагы баарынан жогору турат. Мен мамлекетчил жана мекенчил адам катары, досум Садыр Нургожоевичти колдоймун. Досумду колдоо менен мен мамлекетибиздин өнүгүүсүн, элибиздин биримдигин жана Кыргызстаныбыздын келечегин колдогонум деп билемин.

Мен мамлекетиме кызмат кылып келатканыма сыймыктанам. Элимдин алдында, Жараткан Кудайдын алдында абийирим таза. Элим менен мамлекетим үчүн ак кызматымды мындан ары да улантам.

Үчүнчү. Менин атымды пайдаланып, жалган маалыматтарды таратып, ушак-айың, гыйбат аркылуу элди адаштырууга аракет кылгандарга, бузукуларга ишенбеңиздер. Андай адамдардын максаты коомго бүлүк салуу, элдин ынтымагын бузуу!

Биз ар кандай кырдаалда да достукка, берилгендикке жана мамлекетке болгон жоопкерчиликке бекем турушубуз керек!
Достуктун ыйык шартын кандай кырдаал болсо дагы сактоо менен биз келечек муунга үлгү болобуз!

Биримдигибизди сактай алсак гана мамлекетибиз күчтүү болот, элибиздин келечеги кең болот!

Кыргызстандын күчү элдин биримдигинде, ынтымагында!
Ал эми мамлекетибизге кызмат кылуу ар бирибиздин ыйык милдетибиз!

Терең урматтоо менен Кыргыз Эл Баатыры, Генерал-полковник Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич.
16.07.2026-ж.

Тектеш кабарлар

Back to top button