Кыргызстандагы белгилүү мамлекеттик ишмерлер Президенттен Юсуповдун ишине байланыштуу кабыл алууну өтүнүштү

Кыргызстандагы бир катар коомдук ишмерлер Насирдин Юсуповдун ишине байланыштуу өлкө президентине кайрылышты.
Төмөндө демилгелүү топтун билдирүүсүн сунуштайбыз:
Жакында эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу жана өлкөбүздөгү кадыр-барктуу инсан Насирдин Юсуповдун мүлкүнө байланыштуу маалымат каражаттарында кабарлар жарыяланды.
Бул жарыяланган материалдар менен таанышып чыккандан кийин, легендарлуу парламенттеги анын кесиптештери бул маселе боюнча өз пикирлерин билдирүүнү каалашат. Ушул максатта алар Кыргыз Республикасынын урматтуу Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров менен жолугушууну өтүнүшөт. Алар маалыматтын бурмаланышынан улам өлкөнүн мыйзамдуу бийлик органдарынын кадыр-баркына көлөкө түшүшүн каалашпайт.
Кайрылууга Насирдин Юсуповдун ишинин мыйзамдуу чечилишин колдогон демилгелүү топтун мүчөлөрү кол коюшту:
А. Джумагулов
К. Алымкулов
О. Шаршенов
К. Сыйданов



