Коом

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу төрт тилкелүү болот

Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэл Жаныбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө подрядчы уюмдун жана министрликтин жетекчилерине курулуш иштеринин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылуу, жумуштарды тездетүү жана долбоорду белгиленген мөөнөттө бүтүрүү тапшырмасы берилди.

Реконструкцияланып жаткан жолдун жалпы узундугу 141 чакырымды түзөт. Долбоор аяктагандан кийин жол II техникалык категорияга ылайык заманбап, төрт тилкелүү магистралга айланып, ортосуна коопсуздук тосмосу орнотулат.

Учурда жолдун 0–25-чакырым аралыгы толугу менен реконструкцияланып, кабыл алуу иштери жүрүүдө. Калган бөлүгүндө негизги курулуш иштери дээрлик аяктап, соңку этаптагы жумуштар жүргүзүлүп жатат.

Транспорт министрлиги өлкө боюнча жол куруу жана реконструкциялоо иштеринин сапатын, ошондой эле белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын туруктуу көзөмөлдөөнү улантып жатканын билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button