Окуялар

Ошто 29 жаштагы жаранды өлтүрүүгө шектелген адам кармалды

Ош шаарында 29 жаштагы жаранды бычактап өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, бүгүн таңкы саат 03:00дөр чамасында 1997-жылы туулган эркек киши бычактан жаракат алып, окуя болгон жерде каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал 1997-жылы туулган М.Ф. экени белгилүү болгон. Шектүү саат 04:10до кармалган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button