Бишкекте электр энергиясы массалык түрдө өчтү

Бүгүн, 17-июлда саат 14:08ден тарта Бишкек шаарынын тургундары электр энергиясынын массалык түрдө өчүрүлгөнүнө даттана башташты. Шаар тургундарынын айтымында, жарык өчөр алдында бир нече жолу бүлбүлдөп, андан кийин толугу менен өчүп калган.
Электр энергиясынын үзгүлтүккө учураганы тууралуу билдирүүлөр борбор калаанын ар кайсы райондорунан түшүүдө.
Социалдык тармактарда колдонуучулар, Нарын шаарында, Кара-Балта шаарында,Токмок шаарында жана Ош облусунун бир катар райондорунда, анын ичинде Кара-Суу шаарында да жарык өчкөнүн билдиришүүдө. Бул энергетикалык тутумдагы кеңири масштабдагы мүчүлүштүктү көрсөтүшү мүмкүн.
Окуянын себептери тууралуу азырынча расмий маалымат жок.Энергетика министрлиги кырдаал боюнча жакын арада расмий түшүндүрмө берерин билдирди.



