Коом
Ысык-Көлдүн бетине туулар орнотулду

Ысык-Көл районунун Бает айылынын аймагында суунун бетине флагштоктор орнотулду.
Бул «Суудагы Формула-1» деп аталган иш-чарада скутерлер жарыша турган жолдун чектери үчүн жасалганын мелдешти уюштургандар билдиришти.
Аталган иш-чара 31-июль-1-август күндөрү өтөт. Кыргызстан мындай жарышты биринчилерден болуп уюштуруп жана катышып жатат. Ага 10 миңге чукул туристтин келиши күтүлүүдө.



