Жер чет элдиктерге сатылбайт, мамлекеттин менчиги бойдон калат. Президент кооптонууларга жооп берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде, коомчулук кооптонуп жаткан суроолорго жооп берди. Өлкө башчы мамлекеттин жери чет элдиктерге сатылбай турганын, инвестициялык долбоорлор катуу көзөмөлдөнөрүн жана мыйзам бузган чет элдик жарандарга карата чаралар күчөтүлгөнүн айтты.
— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич.
— Саламатчылык.
— Акыркы күндөрү Жер кодексине байланыштуу талкуулар соцтармакта күчөдү. Коомдо «чет элдик инвесторлорго жер 50 жылга чейин ижарага берилет» деген маалыматтар тарап жатат. Бул норманын өзү кайдан чыккан? Кыргызстанда чет элдик инвесторлорго узак мөөнөттүү ижара берүү практикасы мурда да болгонбу же бул таптакыр жаңы сунушпу?
— Биринчиден, бул жерде эң негизги нерсени так түшүнүп алышыбыз керек. Чет элдик инвесторлорго жерди узак мөөнөткө ижарага берүү бүгүн эле пайда болгон жаңы норма эмес. Бул механизм Кыргызстанда көп жылдан бери колдонулуп келет. Азыркы өзгөртүүлөрдүн максаты аны заман талабына ылайык тактап, көзөмөлдү күчөтүү жана инвестордун жоопкерчилигин дагы да жогорулатуу болуп саналат.
Муну ар бирибиз эле жакшы билебиз. Бишкектеги «Vefa Center», «Beta Stores» сыяктуу инвестициялык долбоорлор дагы дал ушундай узак мөөнөттүү ижара механизминин негизинде ишке ашкан.
Алар бүгүн мамлекеттин мыйзамынан тышкары өз алдынча жашап жаткан жери жок. Тескерисинче, миңдеген жарандар иштеп, жүздөгөн ишкерлер бизнес жүргүзүп, мамлекетке туруктуу салык төлөп жатышат.
Имаратын көтөрүп кетишкен жок. Көтөрүп кете да албайт.
Эң башкысы, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк жарандар же чет элдик компаниялар жер тилкесине менчик укугун ала албайт. Жер кодексинин түз талабы ушундай. Алар белгилүү мөөнөткө ижара акысын төлөп, пайдалануу укугун гана алышат. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калат.
Ошондуктан бүгүн бул маселени «жаңы мыйзам чыгып, эми жерди чет элдиктерге берип жатышат» деп көрсөтүү чындыкка дал келбейт.
Дагы кайталайм, мурда эле колдонулуп келген инвестициялык механизм.
Азыр болгону мамлекет аны дагы да тартипке салып, жоопкерчиликти күчөтүп жатат.
Жерди алып коюп, эч нерсе курбай убакыт созуп жүрө беришпесин деген саясат.
Тилекке каршы, айрым саясатчылар ушул теманы бурмалап, коомдо негизсиз кооптонуу жаратууга аракет кылып жатышат. Алар чет элдик жаранга катталган менчик 1 сотых жерди көрсөтсүнчү! Андай жок.
— Эгер инвестор жерди узак мөөнөткө ижарага алса, ал ошол жерди 49-50 жыл жөн эле кармап тура алабы? Же белгилүү мөөнөттө инвестиция салуу, объект куруу, жумуш орундарын түзүү сыяктуу милдеттүү талаптар барбы? Инвестор келишимдеги шарттарды аткарбаса, мамлекет жерди кайра кайтарып алуу укугуна ээби?
— Дал ушул маселени жаңы өзгөртүүлөр эң негизги багыт катары жөнгө салып жатат. Жерди алып коюп, ондогон жылдар бою эч нерсе кылбай кармап туруу деген түшүнүккө чек коюлат. Ар бир инвестициялык долбоор боюнча так график жана милдеттенмелер белгиленет.
Инвестициялык келишимде белгилүү мөөнөттө канча каражат салынышы керек, курулуш качан башталып, качан пайдаланууга берилери, канча жумуш орду түзүлөрү, инвестициянын көлөмү жана мамлекетке түшө турган салыктар так көрсөтүлөт.
Ал талаптардын аткарылышын мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары туруктуу көзөмөлдөйт. Инвестор жерди кайсы максат менен алса, дал ошол долбоорду гана ишке ашырат. Завод үчүн алган болсо, завод курулат, логистикалык борбор үчүн алган болсо, логистикалык борбор курулат.
Мурункудай долбоордун багытын өз алдынча өзгөртүүгө же жерди жөн гана кармап отурууга мындан ары жол берилбейт.
Мунун эң жакшы мисалы — мурдагы «Ак-Кула» ипподромунун ордуна ишке ашып жаткан инвестициялык долбоор. Инвесторго жөн гана жер берилген жок. Ал шаардык бюджетке дээрлик 6 миллиард сом төлөп, өз эсебинен 3 мектеп, 3 бала бакча, жолдорду жана инженердик тармактарды куруу боюнча милдеттенме алды. Мындан тышкары, долбоорго кеминде 300 миллион АКШ долларынан ашык инвестиция салууда.
Бүгүн ал жерде курулуш жүрүп жатат, миңдеген адамдар жумуш менен камсыз болууда, мамлекетке бажы төлөмдөрү, салыктар жана башка кирешелер түшүп жатат.
Долбоор толук бүткөндөн кийин турак жайлар, соода жана тейлөө жайлары иштеп, миңдеген адамдар жашап, ишкердик жүргүзүп, бюджетке туруктуу салык түшөт.
Демек, мындай инвестициялык долбоордон мамлекет да, эл да утушта болот.
Ошондуктан эң негизги маселе келишимдин аткарылышында. Эгер инвестор өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаса, белгиленген мөөнөттө инвестиция салбаса же долбоорду ишке ашырбаса, мамлекет келишимди токтотуп, жер тилкесин мыйзам чегинде кайра өзүнө кайтарып алат. Бул талаптар жаңы өзгөртүүлөр менен мурдагыдан да катуу көзөмөлгө алынат.
Бир эле мисал келтирейин. 2024-жылы бир инвестициялык келишим түзүлүп, ага ылайык инвестор Кыргызстанда медициналык шаарча курам деген. Инвестициялык келишим эки миллиард доллар болчу. Бирок, алар келишимде каралган шарттарды аткарышкан жок. Ошол үчүн министрлер кабинети аны жокко чыгарды. Жердин ижара мөөнөтү дароо токтотулду.
Биз эч качан өлкөнүн, элдин кызыкчылыгына каршы келе турган кадамдарга барбайбыз.
— Айрымдар «ижарадагы жерди инвестор банктарга күрөөгө коюп, кийин жер банкка өтүп кетет» деген кооптонуусун билдирип жатышат. Чындыгында күрөөгө жердин өзү коюлабы же ижара укугубу? Бул механизм мамлекеттин жерине ээлик кылуу коркунучун жаратпайбы?
— Биз үчүн эң башкысы ишенимдүү жана финансылык мүмкүнчүлүгү жетиштүү инвесторлорду тартуу. Ошондуктан ар бир ири инвестициялык долбоор боюнча инвестордун каржылык мүмкүнчүлүгү, ишкердик аброю жана өзүнө алган милдеттенмелерди аткарууга дарамети алдын ала кылдат текшерилет. Каражаты жок же тобокелдиги жогору компаниялар менен мамлекет эч качан иштешпейт.
Ошол эле учурда мамлекеттин жери боюнча дагы принципиалдуу талап бар. Мамлекетке таандык ижарадагы жер тилкесин же аны пайдалануу укугун күрөөгө коюуга жол берилбейт. Башкача айтканда, мамлекеттик жер банкка же үчүнчү жактарга өтүп кетиши мүмкүн деген кооптонууга негиз жок.
Эгер инвестор өз каражатына завод, фабрика, логистикалык борбор же башка кыймылсыз мүлк курса, ал өзүнүн менчиги болгон объектилерди мыйзам чегинде пайдаланат. Бирок мамлекеттик жер мамлекеттин менчиги бойдон калат жана ал эч кандай күрөөнүн предмети болбойт.
Мындай механизмдин негизги максаты инвестицияны коргоо менен бирге мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыгын толук камсыз кылуу. Инвестор иштесин, өндүрүшүн ачсын, жумуш орундарын түзсүн, бирок мамлекеттик жердин коопсуздугу боюнча эч кандай күмөн жаралбашы керек.
— Коопсуздук маселеси дагы кызуу талкууланууда. Чек арага жакын жайгашкан же стратегиялык мааниге ээ болгон жер тилкелери чет элдик инвесторлорго ижарага берилеби? Айыл чарба багытындагы жерди чет элдик ижарага алса болобу же бир гана инфраструктуралык долбоорлорго, завод-фабрикаларга берилеби? Бул боюнча мыйзам кандай чектөөлөрдү карайт?
— Биринчиден, чек арага жакын жайгашкан аймактардагы жер тилкелери чет өлкөлүк жарандарга же чет элдик компанияларга берилбейт. Мындай жерлер мамлекеттин улуттук коопсуздугуна байланыштуу өзгөчө көзөмөлдө болот.
Экинчиден, айыл чарба багытындагы жерлерди дагы чет өлкөлүк жарандарга бербейбиз. Кыргызстандын айыл чарба жерлерин биринчи кезекте өзүбүздүн дыйкандар жана фермерлер иштетиши керек. Ошондуктан мындай жерлерди чет элдиктерге менчикке да, ижарага да берүү каралбай турган механизм киргизип жатабыз.
Биз чет өлкөлүк инвестицияларды өндүрүшкө жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор үчүн тартып жатабыз. Алар завод-фабрикаларды куруу, логистикалык борборлорду ачуу, кайра иштетүүчү өндүрүштөрдү түзүү, энергетика, туризм жана башка инфраструктуралык долбоорлор сыяктуу багыттар.
Мындай долбоорлор жаңы жумуш орундарын түзүп, бюджетке салык алып келип, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүшү керек.
Демек, жаңы толуктоолордо инвестициялык келишим менен кайсы жерлерди пайдаланууга болору жана кайсы жерлерге таптакыр тыюу салынары так аныкталган механизм кирип жатат.
Биздин максат бир жагынан инвестиция тартуу болсо, экинчи жагынан мамлекеттин коопсуздугун, стратегиялык кызыкчылыгын жана айыл чарба жерлерин ишенимдүү коргоо.
— Чет өлкөлүк жумушчулар боюнча да коомдо суроолор көп. Акыркы убакта мыйзам бузган чет элдик жарандарга карата кандай чаралар көрүлдү? Канчасы өлкөдөн чыгарылды жана мындай иштер боюнча мамлекеттин принципиалдуу позициясы кандай?
— Кыргызстан акыркы жылдары экономикасы өсүп, ири инвестициялык долбоорлор ишке аша баштагандан кийин эмгек миграциясынын жаңы этабына кирди. Мурда жарандарыбыз сыртка иш издеп кетчү болсо, бүгүн өлкөбүзгө жаңы заводдордун, өндүрүштөрдүн жана ири инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышына байланыштуу чет өлкөлүк адистер менен жумушчулар келе баштады. Бул биздин өлкө үчүн жаңы көрүнүш жана аны танууга болбойт.
Ошол эле учурда «баары көзөмөлдөн чыгып кетти» деген пикирге кошулбайм. Тескерисинче, мыйзам бузган ар бир чет өлкөлүк жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүлүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы айларда эле 3000дей чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылган. Жакында 100гө чукул жаран депортация болот. Мамлекеттин мыйзам бузгандарга карата жообу ушул сандарда.
Албетте, коом тарабынан айтылган сын-пикирлер дагы жөн жерден чыккан жок. Айрым учурларда чет өлкөлүк жарандардын жүрүм-туруму боюнча элдин нааразычылыгы жаралды. Биз ал сындарды угуп жатабыз, окуп жатабыз жана аны туура кабыл алабыз. Чынында эле жергиликтүү бийлик органдары мындай масштабдагы эмгек миграциясына толук даяр эмес болуп чыкты. Ошондуктан бүгүн алардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, укук коргоо органдары менен биргеликте алдын алуу, түшүндүрүү жана көзөмөл иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Биздин принцип абдан жөнөкөй. Кыргызстанга ким болбосун иштегени келсе мыйзамды сактап, биздин коомдук тартипти, каада-салтты жана жаратылышты урматтап иштеши керек. Мыйзамды сыйлаган адам тынч иштейт. Ал эми мыйзам бузган адамга улутуна карабай мыйзам бирдей колдонулат.
Ушул жерде дагы бир маанилүү жагдайды так ажыратып алышыбыз керек. Акыркы учурда айрымдар чет өлкөлүк жумушчулар менен туристтерди аралаштырып, коомчулукту адаштырып жатышат.
Мисалы, акыркы бир жарым жыл ичинде Кыргызстанга 370 миңден ашуун кытай жараны туристтик виза менен келип кеткен. Эгер алардын ар бири орточо эсеп менен 500 АКШ долларын коротту деп эсептесек, анда биздин мейманканаларга, кафе-ресторандарга, дүкөндөргө, транспорт жана тейлөө тармагына 180 миллион доллардан ашуун каражат түшкөн болот. Акча түздөн-түз биздин ишкерлерге, кызмат көрсөтүү тармагында эмгектенген жарандарга киреше болуп калды.
Ошондуктан турист менен эмгек мигрантын бир түшүнүк катары кароо туура эмес. Бирөө иштөө үчүн келет, экинчиси болсо өлкөбүзгө акча алып келип, экономикага кошумча киреше калтырып кетет. Эми бир жумага келген туристтен мамлекет кандай зыян тартат же пайда табат, ойлонуп көрсөңөр болот.
— Ири инвестициялык долбоорлорго миңдеген чет өлкөлүк адистер тартылып жатат. Алардын саны көзөмөлдөн чыгып кетпеши үчүн кандай механизмдер иштейт? Квота, каттоо, иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилиги жана мыйзам бузган учурда депортациялоо боюнча кандай талаптар бар?
— Чет өлкөлүк жумушчулар Кыргызстанга туруктуу жашап калуу үчүн эмес, конкреттүү долбоорду ишке ашыруу үчүн келишет. Долбоор аяктагандан кийин алар өлкөдөн чыгып кетишет.
Мисалы, Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушуна 500 кытайлык адистер тартылган. Курулуш аяктагандан кийин алар өлкөсүнө кайтып кетти. Бүгүн ошол жерде биздин адистерди окутуп жаткан беш инженер гана калды. Ушундай эле көрүнүш “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунда болгон. Долбоор бүткөндөн кийин чет өлкөлүк адистер чыгып кетип, бүгүн объектте 100 пайыз Кыргызстандын жарандары гана иштеп жатышат.
Мындай тартип темир жолдо дагы, жол курууда дагы, завод-фабрикаларда дагы сакталат. Ар бир чет өлкөлүк жумушчу белгилүү бир долбоордун алкагында гана иштейт. Бир долбоор бүтсө, экинчисине өз алдынча өтүп кетүүгө же өлкөдө мыйзамсыз калып иштөөгө жол берилбейт.
Мындан тышкары, ар бир чет өлкөлүк жаран тиешелүү мамлекеттик органдардын каттоосунда турат. Алардын иш визасы, эмгек уруксаты жана жүрүү мөөнөтү көзөмөлдөнөт. Иш берүүчү дагы толук жоопкерчилик тартат. Эгер мыйзамсыз жумушка алуу же мыйзам бузуу аныкталса, жоопкерчилик ошол иш берүүчүгө дагы жүктөлөт. Иштеп жүргөн, иш берген тарап дагы жоопкерчиликти сезе турган чаралар колдонула баштады.
Булак: Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги



