Саясат

Садыр Жапаров: Жакында 100гө чукул чет өлкөлүк депортацияланат

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, коомчулуктагы Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандар тууралуу сын пикирлерге жооп берди.

Өлкө башчысы акыркы жылдары экономика өсүп, инвестициялык долбоорлор ишке аша баштагандан кийин эмгек миграциясынын жаңы этабы башталганына токтолгон.

Президенттин айтымында, буга чейин кыргызстандыктар иш издеп чет жакка кетсе, бүгүн жаңы заводдордун, өндүрүштүн жана ири инфраструктура долбоорлору ишке ашырылып чет өлкөлүк адистер менен жумушчулар келе баштады. Жапаров бул Кыргызстан үчүн жаңы көрүнүш экенин белгилеген.

«Ошол эле учурда «баары көзөмөлдөн чыгып кетти» деген пикирге кошулбайм. Тескерисинче, мыйзам бузган ар бир чет өлкөлүк жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүлүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы айларда эле 3000дей чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылган. Жакында 100гө чукул жаран депортация болот. Мамлекеттин мыйзам бузгандарга карата жообу ушул сандарда», — деди президент.

Тектеш кабарлар

Back to top button