Окуялар
Таласта мектеп куруу учурунда 4 миллион 200 миң сомдун мыйзамсыз сарпталганы аныкталды

Талас облусунун прокуратурасы Айтматов районундагы Айтбаев атындагы орто мектептин курулушунда мыйзам бузууларды аныктап, кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары иш жүзүндө аткарылбаган курулуш иштерин кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизген. Андан улам подряддык уюмга 4 миллион 200 миң сом бюджеттик каражат мыйзамсыз төлөнүп берилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 346-беренеси («Кызматтык жасалмачылык») беренелери менен иш козголду. Учурда тергөө амалдары уланууда.



