Коом

Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балык уулоого мораторий жарыяланды

Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балык уулоого 3 жылга мораторий жарыяланды. Бул тууралуу, Айыл чарба министрлигининен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 21-июлунан 2029-жылдын 21-июлуна чейин Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга тыюу салынат.

Бул чечим көлдөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого, балык ресурстарынын табигый көбөйүшүнө шарт түзүүгө жана өлкөнүн суу экосистемаларын коргоого багытталган.

Аталган жарлык эртең, 21-июлдан тартып күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button