Пайдалуу кеңештер

Ысыкта муздак сыра организмге кандай таасир этет?

Дарыгер Семен Авдеевдин айтымында, ысыкта муздак сыра ичкенде кан тамырлар кеңейип, адамга убактылуу салкындагандай сезим пайда болот. Бирок алкоголь ошол эле учурда денедеги жылуулуктун чыгышын күчөтүп, организмди суусуздантат. Мунун айынан ысыкка чыдоо кыйындайт.

Ошондой эле өтө муздак суусундуктар да организмди чындап муздатпайт. Организм аларды ашыкча муздап кетүү коркунучу катары кабыл алып, тескерисинче, ички жылуулукту көбүрөөк өндүрө баштайт.

Дарыгердин айтымында, таттуу газдалган суусундуктар, пакеттеги ширелер жана балмуздак дагы ысыкта сергитүүчү таасир бербейт.

Ысык күндөрү эң жакшы тандоо — кадимки таза суу, кант кошулбаган көк чай, лимон жана жалбыз кошулган суу, ошондой эле курамында суусу көп болгон бадыраң, дарбыз жана коон сыяктуу жашылча-жемиштер.

Дарыгер ысыкта жеңил жана аз таттуу азыктарды тандап, организмди жетиштүү суюктук менен камсыз кылууну сунуштайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button