Дарбыз бөйрөктөгү таштарды кетирет деген чындыкка дал келбейт

Бөйрөктөгү таштарды дарбыз кетирет деген кеңири тараган түшүнүк чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу уролог-андролог Тимур Бицоев RT басылмасына берген маегинде билдирди.
Адистин айтымында, дарбыз бөйрөктө пайда болгон таштарды эритпейт жана сыртка чыгара албайт. Тескерисинче, зааранын көбөйүшү чоң таштын жылышына, заара чыгаруучу түтүктүн бүтөлүшүнө жана бөйрөк коликасынын кармашына себеп болушу мүмкүн.
«Бөйрөгүндө таш аныкталган адамдар урологдун кеңешисиз өз алдынча “дарбыз терапиясын” колдонбошу керек», — деп эскертет дарыгер.
Ал ошондой эле дарбызды ашыкча колдонуу өнөкөт бөйрөк оорулары, жүрөк жетишсиздиги, оор гипертониясы бар жана суюктукту чектөөсү керек болгон адамдар үчүн кооптуу экенин белгиледи.
Мындан тышкары, дарбыздын курамында табигый кант болгондуктан, кант диабети, преддиабет, семирүү жана углевод алмашуусу бузулган адамдар аны ченеми менен колдонушу керек.



