Президенттин атайын фондунан энергетика системасын жаңылоого 300 миллион доллар бөлүнөт

Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, ал өлкө башчысына учурдагы оор абал тууралуу маалымат берип, көйгөйдү чечүү жолдорун сунуштаган. Министр 20-июлга чейинки аптап күндөрдө республиканын электр энергиясын суткалык керектөөсү 50 миллион кВт сааттан ашканын, былтыр бул көрсөткүч 42 миллион кВт сааттын айланасында болгонун белгиледи.
«Ушул ысык күндөр тармактагы чыныгы абалды көрсөттү. Ачык айтышыбыз керек, бул кечээ же бүгүн пайда болгон көйгөй эмес. Бул абалга биз көп жылдан бери келип жеттик. Бишкекке электр жеткирген чубалгыларды кубаттуусуна алмаштырганга мүмкүнчүлүк болгон эмес», — деген аткаминер.
Рысбеков президентке ордо калаа Бишкекте ири подстанциялар менен жогорку вольттуу линияларды курууну сунуштаганын айтты. Жапаров демилгени колдоп, керектүү 300 миллион доллар каражатты бөлүп бермей болгон.



