Окуялар

Wildberries кампасындагы кырсыктан 2 кыргызстандык жабыркаган

Россиянын Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасында болгон кырсыктан кийин Кыргызстандын жарандарына байланыштуу кырдаал көзөмөлдө болууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин Россиядагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын элчилиги менен биргеликте кырдаалды көзөмөлгө алып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен байланышта иш алып барууда.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери окуя болгон жерге барып, жабыркагандар жеткирилген медициналык мекемелерден маалымат алышкан. Ошондой эле кампада иштеген кыргызстандык жарандар менен жолугушуп, аларга керектүү түшүндүрмөлөр берилген.

Белгиленгендей, кырсыктан Кыргызстандын 2 жараны жабыркап, ооруканага жаткырылган. Алардын бири дарылануудан кийин үйүнө чыгарылган.

Министрлик Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен биргеликте жарандардын абалын көзөмөлдөөнү жана зарыл жардам көрсөтүүнү улантууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button