Нарын облусунда эки заманбап стадион курулууда

Нарын облусунда футболдук инфраструктураны өнүктүрүү максатында Нарын шаарында жана Кочкор районунда жаңы стадиондор курулууда. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Биримдиктин өкүлдөрү курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, объекттердин даярдык деңгээлин жана алдыдагы иштерди талкуулашты.
Нарын шаарындагы «Ала-Тоо» стадиону 4 миң 500 көрүүчүгө ылайыкташып, заманбап футбол талаасы, административдик корпус жана трибуналар менен камсыздалат.
Ал эми Кочкор районундагы Мавлутбек Сыдыков атындагы стадион 4 миң 237 көрүүчүгө ылайыкталып, жасалма газондуу футбол талаасы, чуркоо тилкелери, жарыктандыруу системасы жана унаа токтотуучу жай каралган.
Жаңы спорттук объекттер жаш футболчулар үчүн машыгуу шарттарын жакшыртып, аймактарда футболдун өнүгүшүнө жана мелдештерди өткөрүүгө жаңы мүмкүнчүлүк түзөт.



