Шаирбек Ташиев азырынча СИЗОго которула элек. Себеби

Шаирбек Ташиев дагы эле Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайында (ИВС) кармалууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдирди.
Анын айтымында, учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда, Ташиевден сурак алуу жүрүп жатат. Зарыл болгон процессуалдык иш-чаралар аяктагандан кийин ал тергөө абагына (СИЗО) этап менен жеткирилет.
Азырынча экс-депутаттын өзү, анын жактоочусу жана жакындары бул жагдай боюнча комментарий бере элек.
Эске салсак, Шаирбек Ташиев 1-апрелде кармалган. Ага карата кылмыш иши Мамлекеттик салык кызматынын 2021–2025-жылдары «Кыргызнефтегаз» ААКсындагы ири көлөмдөгү мыйзам бузуулар боюнча жүргүзгөн иликтөөсүнүн негизинде козголгон.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, мамлекеттик компания ортомчу схемалар жана чийки затты негизсиз эсептен чыгаруу аркылуу 4 миллиард сомдон ашык зыян тарткан. Каржылык операцияларды талдоо жыйынтыгында жеке түзүмдөргө киреше чыгаруунун үч каналы аныкталып, тергөө аларды УКМКнын мурдагы жетекчилигинин жакын чөйрөсү менен байланыштырууда.



