Саясат

Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул туурасында Ынтымак Ордо кабарлады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды ырааттуу түзүп, зарыл болгон инвестициялык климатты камсыз кылып жатканына токтолгон.

«Муну менен катар президент бардык чет өлкөлүк компаниялар, анын ичинде кытайлык тараптын катышуусундагы ишканалар Кыргызстандын мыйзамдарын кынтыксыз сактоого, кыргыз элинин каада-салттарын жана маданиятын урматтоого, ошондой эле өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуулук жана ачык-айкындуулук принциптерине ылайык жүргүзүүгө тийиш экенин өзгөчө баса белгиледи», — деп маалыматта айтылган.

Жапаров Кыргызстан Кытай мамлекетинин маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын жана эки өлкөнүн жана элдердин кызыкчылыктарына жооп берген өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү ырааттуу колдоп келерин айткан.

Ал транспорт, инфраструктура, соода жана инвестиция тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү экенин белгилеген.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Жапаровго жылуу кабыл алганы үчүн ыраазы болуп, КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин саламын жана жакшы каалоолорун мамлекет башчыга айткан.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да тереңдетүүгө, саясий диалогду кеңейтүүгө жана эки мамлекеттин жана элдердин кызыкчылыктарына жооп берген биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин ырасташкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button