30-июлдан 1-августка чейин Тамчы — Чолпон-Ата унаа жолу убактылуу жабылат

30-июлдан 1-августка чейин «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата чейинки унаа жолунда кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, жол Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев мамлекеттик сапар менен келе тургандыгына байланыштуу мезгил-мезгили менен убактылуу жабылып турат.
Мындан тышкары, ушул күндөрү Ысык-Көлдө Борбор Азия мамлекет башчылары менен Азербайжандын президентинин бейформал консультативдик жолугушуусу өтөт.
Аскат Алагөзов Ысык-Көл районунун тургундарынан жана эс алуучулардан жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, кыймылга киргизилген кыска мөөнөттүү чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.
Ал бул чаралар Кыргызстандын эл аралык байланыштарын чыңдоого багытталган маанилүү эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу экенин белгиледи.



