Окуялар

Мас абалда унаа башкарган 1,5 миңден ашуун айдоочу жоопкерчиликке тартылды

Кыргызстанда мас абалда унаа башкарууга карата жоопкерчилик күчөтүлгөндөн кийинки биринчи айда 1,5 миңден ашуун мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Жаңы жаза чаралары 2026-жылдын 20-июнунан тартып күчүнө кирген. Мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, мас абалда унаа башкарган айдоочуга 80 миң сом айып пул салынып, айдоочулук күбөлүгү 2 жылга алынат.

Эгерде мас айдоочунун катышуусундагы жол кырсыгынан адамдар каза болсо, күнөөлүү 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мындан тышкары, ага 12 жылга чейин транспорт каражатын башкарууга тыюу салынат.

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда көп адамдын өмүрүн алган жол кырсыктарынын негизги себептери — мас абалда унаа башкаруу, каршы тилкеге чыгуу жана ылдамдыкты ашыруу.

Тектеш кабарлар

Back to top button