Коом
Жаңы окуу жылында кайсы класстар 12 жылдык окууга өтөт?

Өлкөдө мектептер 12 жылдык окуу системасына акырындык менен өтүп жатат.
Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, аталган билим берүү моделине 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстардын окуучулары өтүп, жаңы окуу программалары жана жаңы окуу китептери менен билим алышат.
Ошондой эле 8-класстарда келечектеги кесипти тандоого жардам берүүчү багыттагы сабактар жумасына 2 сааттан киргизилет.
Ал эми 11 жылдык система боюнча окуусун уланткан 3, 4, 9, 10 жана 11-класстар мурдагыдай эле 11 жылдык мектеп үчүн даярдалган программалар жана окуу материалдары менен окушат.



