Коом

Ысык-Көлдүн жээгинде унаасын айдап жүргөн айдоочуга 15 миң сом айып салынды

Ысык-Көлдүн жээгинде унаасын айдап жүргөн айдоочу айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармакта Jeep Wrangler үлгүсүндөгү унаа көлдүн жээгинде жүрүп бараткандыгы тартылган видео тараган.

Инспекторлор автоунаанын айдоочусун таап, КР Укук бузуу кодексинин 189-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 15 миң сомго айып салды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button