Саясат

Марлен Маматалиев: «Кыргызстандын жери чет элдиктерге сатылбайт»

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламент Кыргызстандын аймагын чет өлкөлүктөргө сатууга же өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берген мыйзамды эч качан кабыл албай турганын билдирди.

«Буга президент да, Жогорку Кеңеш да, эл да жол бербейт. Кыргыз жеринин бир да метри башка мамлекетке өтпөйт», — деди ал талкууланып жаткан мыйзам долбоору тууралуу.

Анын айтымында, мыйзам долбоору азырынча Жогорку Кеңешке келе элек, бирок ал анын мазмуну менен таанышып чыккан. Төрага белгилегендей, документте тескерисинче, мамлекеттик жерлерди ижарага берүү тартибин күчөтүү сунушталган.

Тактап айтканда, ижарачы жер тилкесин максатына ылайык пайдаланбаса, аны мамлекетке кайтарып алуу механизмин киргизүү сунушталууда. Мисалы, завод же фабрика куруу үчүн берилген жер кийин турак жай курууга өзгөртүлбөшү керек.

Мындан тышкары, жайыттарды, кен чыккан жерлерди, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жана жаратылыш ресурстарына байланышкан башка жерлерди ижарага берүүгө тыюу салуу сунушталууда.

Ошондой эле ижара мөөнөтүн чектөө каралган. Алгач жер тилкеси 10 жылга берилет. Эгер инвестор бардык милдеттенмелерин аткарса, мөөнөт дагы 25 жылга узартылышы мүмкүн. Андан кийин эң көп дегенде 50 жылга чейин гана пайдаланууга уруксат берилет. Бул мөөнөт бүткөн соң жер мамлекетке кайтарылып, кайра узартылбайт.

«Мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келгенде анын бардык оң жана терс жактарын карайбыз. Бирок кыргыз жерин сатууга же башка бирөөгө өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзамды эч качан кабыл албайбыз», — деди Марлен Маматалиев.

Эске салсак, буга чейин Министрлер Кабинети мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин берүү тартибине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Тектеш кабарлар

Back to top button