Кыргызстанда өзгөчө кооптуу пестициддерди колдонууга жана жүгүртүүгө толук тыюу салынды

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкө аймагында өзгөчө кооптуу пестициддердин жүгүртүлүшүнө толук тыюу салган буйрукту бекитти.
Чектөө киргизилген үч зат:
-бета-цифлутрин;
-бромоксинил октаноат;
-фенамифос.
Мындай чечимге чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун тапшырмасы менен Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан кеңири текшерүүлөр жүргүзүлгөн.
Ведомствонун адистери препараттарды жеткирүүчүлөр менен кеңешип, республиканын бардык аймактарындагы химиялык каражаттарды жана минералдык жер семирткичтерди саткан жайларды текшеришкен.
Мониторингдин жыйынтыгы жана жүгүртүүдөгү каражаттарга жүргүзүлгөн ар тараптуу талдоо аталган заттарды алып салуу зарылдыгын тастыктады.
Кабыл алынган документ төмөнкү максаттарды көздөйт:
-калктын ден соолугун коргоо;
-айлана-чөйрөнү сактоо;
-айыл чарба продукциясынын экологиялык коопсуздугун жогорулатуу;
-Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу.
Министрликтен мындан ары да агрохимикаттардын сапатына көзөмөл күчөтүлөрүн билдиришти.



