Төө-Ашууда кар жаап жатат, дөңгөлөктөргө алдын ала кам көрүңүздөр

Бүгүн Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Бул маалыматты «Кыргызавтожол» ишканасынан билдиришкендей, учурда атайын жол тазалоочу техникалар тартылып, жолдор кардан тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө. Жолчулар күнү-түнү кезметте туруп, жол кыймылынын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздоодо. Жол ачык, каттам туруктуу.
Ошондой эле Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун ашуусунда да кар жаап, жолчулар тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Ал эми Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайында, Кубакы, Долон, Кызыл-Бел, Түз-Бел, жана Чар ,Ак-Бейит ашууларында кар жааган жок. Жолдор ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүп жатат.
Айдоочуларга дөңгөлөктөрүн алдын ала алмаштырып, коопсуздук үчүн чынжырды ала жүрүү сунушталат.



