Эдуард Кубатов: Мелдешти өткөрүү үчүн бардык инфраструктура толугу менен даяр

Үстүбүздөгү жылдын 31-июлунан 2-августуна чейин Ысык-Көлдө Борбор Азияда биринчи жолу суудагы Формула-1 (F1H2O) боюнча дүйнө чемпионатынын этабы өтөт.
Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатовдун айтымында, мелдешти өткөрүү үчүн бардык инфраструктура толугу менен даяр. Эки айдын ичинде 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган эл аралык иш-чара аянты түзүлүп, дүйнөлүк деңгээлдеги жарышты өткөрүү үчүн бардык техникалык шарттар камсыздалды.
«Бул Кыргызстан жана Ысык-Көл үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия үчүн тарыхый окуя. Анткени суудагы Формула-1 боюнча дүйнө чемпионаты биздин аймакта биринчи жолу өтүп жатат», — деди ал.
Кубатов белгилегендей, мелдешке дүйнөнүн мыкты айдоочулары жана 20га жакын эл аралык команда катышары күтүлүүдө. Мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин маалыматы боюнча, жарышка 30дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү келет. Жалпы коноктордун саны 25 миң адамга чейин жетиши мүмкүн. Көрүүчүлөрдүн кызыгуусу жогору болгондуктан, уюштуруучулар орундардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап жатышат.
Ошондой эле, Кубатов уюштуруучулар экология маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Жарыш башталганга чейин жана аяктагандан кийин абанын, суунун жана жээк аймагынын абалы изилденет. Анализдердин жыйынтыгы ачык жарыяланат.
Белгилей кетсек, финалдык жарыштар жана жеңүүчүнү аныктоо 2-августта өтөт.



