Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады

Бүгүн, 30-июлда Ысык-Көлдөгү «Рух Ордо» маданий борборунда Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады.
Мамлекеттик сыйлык Шавкат Мирзиёевге Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды.
Ошол эле күнү эки өлкөнүн президенттери бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту. Алардын эң негизгиси — Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишим болду.
Мындан тышкары, мамлекеттик чек аранын бир бөлүгү боюнча келишимге, «Чечме» булагын биргелешип пайдалануу, коргонуу тармагындагы кызматташтык, социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, жогорку билим берүү жаатындагы документтерди өз ара таануу, ошондой эле туризм, маданият, агроөнөр жай комплекси жана инвестиция тармактарындагы кызматташтык боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Белгилей кетсек, 30-июлда Ысык-Көлдө Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын лидерлеринин Консультативдик жолугушуусу да өтүүдө. Иш-чарага аймактагы мамлекет башчылары жана Азербайжандын Президенти Илхам Алиев катышууда.



