Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара товар жүгүртүүнү 2 миллиард долларга чейин жеткирүүгө макулдашты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Чолпон-Ата шаарында тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлду. Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңеш түзүлөт.
Садыр Жапаров кол коюлган документтер чек ара маселелерин биротоло жөнгө салууга жана өткөрмө бекеттердин санын көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Анын айтымында, бул чек арага жакын аймактардын тургундары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, соода-сатыкты, транспорттук логистиканы жана гуманитардык байланышты өнүктүрөт.
Ошондой эле ал Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун стратегиялык маанисин белгиледи.
Шавкат Мирзиёев бул күндү тарыхый күн деп атап, эки өлкөнүн мамилеси союздаштык деңгээлге көтөрүлгөнүн билдирди.Тараптар өз ара товар жүгүртүүнү кыйла көбөйтүү боюнча макулдашышты.
Мирзиёевдин айтымында, 2 миллиард долларлык көрсөткүч акыркы чек эмес. Ал эми Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун «кылымдын курулушу» деп атап, бул долбоор аймактагы геосаясий кырдаалды өзгөртө аларын белгиледи.
Эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кыргыз-өзбек кызматташтыгын, коңшулук жана союздаштык мамилелерди дагы бекемдей турганына ишеним билдиришти.



