Коом
«Бишкекгаз» 5-7-август күндөрү айрым аймактарда газ берүүнү убактылуу токтотот

«Бишкекгаз» газ кызматы орто басымдагы жер алдындагы газ түтүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 5-августтан 7-августка чейин айрым райондордо жаратылыш газы берилбей турганын маалымдады.
Газ берүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта токтотулат:Лермонтов көчөсү, темир жол, Ленин көчөсү, Калинин көчөсү, Жибек Жолу проспектиси, БЧК, «Энергетиктер шаарчасы», «Аламүдүн-1» кичирайону, «Куруучулар шаарчасы», «Учкун» кичирайону, «Учкун» турак жай массиви, АГНКС жана «Бишкек Сүт» аймактары.
«Бишкекгаз» убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, газ өчүрүлгөн мезгилде абоненттерден энергиянын башка булактарын колдонууну өтүндү.
Иштер газ менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.



