Саясат

Кыргызстанга Беларустун жана Казакстандын премьер-министрлери келишти

Бүгүн, 6-августта, Беларустун премьер-министри Александр Турчин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.

Белгилей кетсек, 6–7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана байкоочу өлкөлөрдүн делегация башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Буга чейин Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов да келген.

Тектеш кабарлар

Back to top button