Саясат
Чолпон-Атада ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны башталды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги тар курамдагы жыйыны башталды.
Жыйынга Кыргызстандын, Казакстандын, Беларустун, Армениянын жана Россиянын өкмөт башчылары катышууда.
Жыйындын жүрүшүндө экономикалык-интеграциялык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, сооданы өнүктүрүү, инфраструктуралык долбоорлор жана биримдиктин алкагындагы техникалык жөнгө салуу маселелери каралат.
Белгилей кетсек, эртең жыйын кеңейтилген курамда өтөт.



