Окуялар
Сот экс-депутат Куванычбек Конгантиевге 500 миң сом айып салды

Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиевге 500 миң сом айып салды. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, сот 15-июлда аны Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») 2-бөлүгү боюнча беш эпизод менен күнөөлүү деп таап, мамлекеттин пайдасына 500 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө өкүм чыгарган.
Эске салсак, экс-депутат март айында УКМК тарабынан жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурууга шектелип кармалган. Июнь айынын соңунда үй камагына чыгарылган.



