Коом
8-августка карата аба ырайы

Ишемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +32…+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Талас чөлкөмүндө +27…+32, Ысык-Көл аймагында +23…+28, Нарын регионунда +24…+29 градус ысык болот. Бишкекте +33…+35 градуска чейин жетет.



