Кыргыз-өзбек чек арасындагы макулдашылган 30 өткөрмө пункттун бешөө ишке кире элек

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өткөрмө пункттарынын санын 30га жеткирүү чечими кабыл алынганы менен, учурда анын 25и иштеп, калган бешөө ачыла элек. Бул тууралуу 17-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов билдирди.
Жыйында депутат Айбек Алтынбеков 2021-жылдагы келишимде каралган Базар-Коргон районунун Сайдыкум айылындагы өткөрмө пункту качан ачыларын сурады. Анын айтымында, бул бекеттин ачылышы аймактагы туризмди жана соода-сатыкты өнүктүрүүгө шарт түзмөк.
Элчинин маалыматына караганда, 2004-жылкы протоколдун негизинде эки өлкөнүн ортосунда 15 бекет иштеп келген. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын алкагында алардын санын 30га көбөйтүү боюнча документке кол коюлган.
«Бүгүнкү күндө 25 пункт так иштеп жатат. Ал эми Сайдыкум, Кербен, Газпром, Ак-Өтөк жана Ынтымак пункттары ишке кире элек. Ош шаарынын жанындагы «Достук» өткөрмө пунктунда унаалардын көптүгүнөн улам өтүү кээде 12 саатка чейин созулууда. Ошондуктан учурда Кара-Суу менен Ханабаддын ортосундагы «Ынтымак» пунктун ачуу боюнча сүйлөшүүлөр аяктап, иш жүзүндөгү аракеттер көрүлүүдө», — деди элчи.
Калган 4 бекетти ачуу боюнча Чек ара кызматы түз иш алып барууда.



