Саясат

Садыр Жапаров Президенттин Иш башкармалыгынын борбордук аппаратынын штаттык санын көбөйттү

Президент Садыр Жапаров 17-августта №295 жарлыкка кол коюп, Президенттин Иш башкармалыгынын түзүмүн бекитти.

Жарлыкка ылайык, Иш башкармалыгынын штаттык саны төмөнкүдөй белгиленди:

борбордук аппаратта — 210 кызмат орду;

республикалык бюджеттен каржыланган ведомстволук уюмдарда — 3 333 кызмат орду.

Ошондой эле Иш башкармалыгынын, ага караштуу уюмдардын жана Президенттин архивинин административдик мамлекеттик кызмат орундары бекитилди:

жогорку кызмат:

борбордун жетекчиси, кызмат жетекчиси;башкы кызмат:

бөлүм башчысы, бөлүм башчысынын орун басары, архив башчысы, архив башчысынын орун басары;

улук кызмат: сектор жетекчиси, референт, башкы адис;

кенже кызмат: адис.

Белгилей кетсек, 2022-жылы бекитилген жобого ылайык, буга чейин Иш башкармалыгынын штаттык саны борбордук аппаратта 143, ал эми ведомстволук уюмдарда 4 531 кызмат ордун түзгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button