Саясат
Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы 2-сентябрда башталат

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын II сессиясы өз ишин 2-сентябрда баштайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, президенттик шайлоону дайындоо маселеси Жогорку Кеңеште 17-сентябрда каралып, токтом кабыл алынат.
Буга чейин БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров дал ушул датаны парламентке сунуштаганы айтылган.
Эске салсак, 25-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары I сессиянын ишин жыйынтыктап, жайкы эс алууга тарашкан.



