Ысык-Көл облусунда жана Караколдо дрон учурууга убактылуу чектөө киргизилет

Ысык-Көл облусунда жана Каракол шаарында аба мейкиндигин пайдаланууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди.
Чектөө 27-августтан 10-сентябрга чейин күчүндө болот. Бул мезгилде атайын уруксатсыз жалпы авиацияга таандык аба кемелеринин жана учкучсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) учуусуна тыюу салынат.
Чектөөлөр өлкөдө өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу киргизилүүдө. Бул чаралар эл аралык иш-чаралардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Эске салсак, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити 31-августтан 1-сентябрга чейин Бишкек шаарында өтөт.
Ал эми VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өткөрүлөт. Ачылыш аземи 31-августта «Бишкек Арена» стадионунда өтөт. Негизги спорттук мелдештер жана маданий иш-чаралар Ысык-Көл облусунда уюштурулат.



