Коом

Түрмөдөн бошотулган акын Аскат Жетиген филармонияда концерт берерин айтты

Түрмөдөн бошотулган белгилүү акын, композитор жана музыкант Аскат Жетиген филармонияда концерт берүүнү пландап жатканын журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ал бүгүн, 19-августта, түрмөдөн бошотулуп, аны достору тосуп алышкан. Кийинчерээк туугандары менен жолугушат. Аскат Жетиген аларга ыраазычылыгын билдирди.

«Болжол менен күзүндө Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда бир нече сааттык концерт берүүнү пландап жатам. Бул күндү баары эстеп калгыдай болушун каалайм. Филармониянын өзүнүн талаптары бар болгондуктан, жакшылап даярданыш керек. Токтогул Сатылганов өзү кайра тирилип келгендей деңгээлде даярдануу зарыл», — деди Жетиген.

Ал түрмөдө жүргөндө аккордеондо ойноону дээрлик кесипкөй деңгээлде үйрөнгөнүн белгиледи.

«Түрмө мени чыңдап, жашоодо маанилүү сабактарды берди деп айткым келет», — деди Аскат Жетиген.

Эске салсак, Аскат Жетиген белгилүү акын, композитор жана комузчу. 2024-жылдын март айында ал Садыр Жапаровдун кезектеги маегин сындаган видео жарыялагандан кийин кармалган.

2024-жылы Свердлов райондук соту Жетигенди КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан.

2025-жылдын март айында Жогорку сот райондук соттун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырган. Анын тергөө абагында өткөргөн мөөнөтү эске алынып, Аскат Жетигендин жаза мөөнөтү 2026-жылдын 19-августунда аяктаган.

Тектеш кабарлар

Back to top button