Ысык-Көлдүн аймагында автоунаасын жууган жаран санариптик технологиялар аркылуу аныкталды

Социалдык тармактарда аял киши Ысык-Көлдүн жээгинде унаанын килемчелерин жууп жаткандыгы тартылган видео материал тараган. Автордун маалыматына ылайык, жаран өзүнө таандык Mercedes-Benz Vito үлгүсүндөгү автоунаасын да жууган.
Бул факты боюнча ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери фото-видео фиксациялоочу автоматташтырылган комплекстин жардамы менен аталган автоунааны аныкташкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында транспорт каражаты Жалал-Абад облусунун аймагынан табылган.
ИИМдин Басма сөз кызматы билдиргендей, айдоочуга карата тиешелүү укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, автоунаа атайын айып короого киргизилди.Мындан тышкары, маалымат ыйгарым укуктуу органдарга ыйгарым укуктарынын чегинде кароо жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлдү.
ИИМ эскертет: белгиленген талаптарды сактоо ар бир айдоочунун милдети. Заманбап фиксация каражаттары транспорт каражаттарын бузуу жасалган жерине карабастан аныктоого мүмкүндүк берет жана мыйзам бузуучуларды мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартууну камсыз кылат.



