Коом
31-августка карата аба ырайы

Бүгүн күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүй жеринде 30…35, Талас облусунда 28…33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 32…37, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө 25…30 градусту көрсөтөт.
Абанын табы Бишкекте 33…35 градуска чейин көтөрүлөт.



