Саясат

Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин Бишкекте 32 документке кол коюшту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Түбөлүк коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге, ошондой эле жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү сапаттуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Жалпысынан тараптар 32 документке кол койду. Алардын бир бөлүгү экономикалык тармакка тиешелүү. Кол коюлган келишимдер «Бедель» өткөрмө пунктун өнүктүрүү, чек ара көпүрөсүн куруу, илим-билим, маданият, спорт, медиа, стандартташтыруу жана аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү багыттарын камтыйт.

Мындан тышкары, тараптар Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүүнү уюштурууга материалдык жардам көрсөтүү боюнча документтерди да тариздешти.

Си Цзиньпин Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Кечээ ал Садыр Жапаров жана биринчи айымдар менен бирге бейформал жолугушуу өткөргөн. Ал эми бүгүн эки өлкөнүн лидерлеринин расмий сүйлөшүүлөрү өттү.

Тектеш кабарлар

Back to top button