Садыр Жапаров: ШКУ дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык уюмдардын бирине айланды

Чейрек кылым ичинде ШКУ чек арадагы ишенимди бекемдөөчү механизмден дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык биримдикке айланып, зарыл уюм экенин далилдей алды. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун юбилейлик саммитинде айтты.
Ал ШКУ саммити «Ырыс алды — ынтымак» деген элдик накылдын негизинде өтүп, бул сөздөр «Шанхай рухунун» маңызын чагылдырарына токтолду.
«Уюмубуздун ролуна жана маанисине токтолсок, ШКУга мүчө мамлекеттер дүйнө калкынын 40 пайыздан ашыгын бириктирип, дүйнөлүк ИДПнын чейрек бөлүгүнө жакынын камсыздап жатканын белгилеп кетейин», — деди мамлекет башчы.
Ал Кыргызстан ШКУга төрагалыгы алкагында 200гө жакын иш-чара өткөрүп, коопсуздук боюнча кызматташтыкты бекемдегенин да белгиледи. Мындан сырткары, экономикалык жана транспорттук байланыштар чыңдалып, маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө аракет жасалганына токтолду. Санариптик өнүгүү жана жасалма интеллект маселелери ШКУнун сөз жүзүндө эмес, реалдуу ишке ашыруусу керек болгон артыкчылыктуу багыттарынын катарына кошулганын айтты.
«ШКУнун 25 жылдыгында биздин жалпы милдет — уюмдун биринчи чейрек кылымдагы ишине жыйынтык чыгаруу менен гана чектелбестен, анын тарыхындагы жаңы баракты: туруктуу тынчтык, биргелешкен өнүгүү жана жалпы гүлдөп-өсүүгө өбөлгө түзүү», — деди Жапаров.
ШКУга учурда 10 өлкө: Кыргызстан, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан мүчө. Дагы 17 мамлекетке байкоочу, өнөктөш макамы берилген.



