Маданият

Айгүл Жапарова төрт өлкөнүн биринчи айымдарына кыргыз маданиятын тааныштырды

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова төрт өлкөнүн биринчи айымдарына кыргыз маданиятын тааныштырды. Бул тууралуу «Регион ТВ» маалымдады.

Айгүл Жапарова менен бирге Бишкекте уюштурулган уникалдуу кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүнө Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиева, Кытайдын биринчи айымы Пэн Лиюань, Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган жана Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Мирзиёева барышты.

Көргөзмөдөн кийин коноктор үчүн концерттик программа уюштурулду. Анда балдардын чыгармачыл жамааттарынын аткаруусунда музыкалык чыгармалар жаңырды.

Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн да делегациялар келишти.

Тектеш кабарлар

Back to top button