Спорт
Бышты жорго жарышында жаш чабандес биринчи орунду ээлеп, 1 млн сом утуп

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн бышты жорго жарышында Ынтымак аттуу жаш чабан 6 миң метр аралыкта биринчи орунду ээлеп, 1 млн сом утуп алды.
Ынтымак Тоң районунан келгенин жана ат чабыштарга 2 жылдан бери катышып жүргөнүн айтты. Бул мелдешке 1 айдай убакыт даярданган.
Анын айтымында, жарыш учурунда атаандаштар жогорку ылдамдыкта чабышып, айрым аттар чарчай баштаган. Мындан пайдаланып, Ынтымак алдыга озуп, жарыштын аягына чейин лидерлигин сактап калган.
«Маанайым абдан жакшы! 1 млн сом утуп алдым», — деди Ынтымак.
Жаш чабан бул анын биринчи жеңиши эмес экенин айтып, буга чейин дагы эки жолу биринчи орунду ээлегенин белгиледи.
Булак: Кабар кж


