Ретрограддык амнезия. Кырчын капчыгайынан түшүп келе жаткан өспүрүм жаракат алды

Кырчын капчыгайынан түшүп келе жаткан учурда өспүрүм жаракат алган. Окуядан кийин ал Ысык-Көл райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, дарыгерлер баш мээси чайкалганын, башынан жаракат алганын жана төмөнкү эрини жабыркаганын аныкташкан. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары, жабырлануучуда ретрограддык амнезия байкалган — ал жаракат алган учурду жана окуянын жагдайларын эстей албайт.
Бейтапты дарыгерлер, анын ичинде нейрохирург текшерип, тиешелүү медициналык кароолор жүргүзүлгөн. Ага дарылоо дайындалган.
Министрликтин маалыматына караганда, учурда өспүрүмдүн абалы туруктуу, начарлоо байкалган жок. Анда очоктук неврологиялык, менингеалдык жана башка патологиялык белгилер аныкталган эмес.
Баш сөөгүнүн ичиндеги гематомаларды, мээнин жабыркашын жана баш сөөктүн сыныктарын жокко чыгаруу үчүн жабырлануучу кошумча компьютердик томографиядан (КТ) өтүү үчүн Балыкчы шаарына жеткирилген.
Учурда ал медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп, дарылануусун улантууда.



