Николь Шерзингер Кыргызстанга кайра келерин айтты

Ырчы жана актриса Николь Шерзингер Кыргызстанга кайра келүүнү кааларын Instagram баракчасына жазды.
«Кыргызстан, сен укмуштуудай болдуң. Мени ушундай сүйүү, энергия жана кумарлануу менен тосуп алганың үчүн рахмат. Мага көрсөткөн жылуулугуңарга жана меймандостугуңарга абдан ыраазымын. Ошондой эле көптөгөн сонун жаңы адамдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычтамын. Мен сөзсүз кайра келем!» — деп жазат ырчы.
Белгилей кетсек, Николь Шерзингердин Instagram баракчасында 7,4 миллиондон ашык катталуучусу бар. Анын бул билдирүүсүнө үч сааттын ичинде 40 миңден ашуун адам «жакты» белгисин басып, 6 миңге жакын комментарий калтырган.
Кыргызстандын жарандары Никольго ыраазычылык билдирип, аны кайрадан Кыргызстанга конокко чакырышууда.
Эске салсак, Николь Шерзингер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде ырдап, өнөрүн тартуулаган.



