Коом

Муфтият абактагылар арасында китеп окуу боюнча сынак уюштурду

Муфтият Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен биргеликте №10 мекемеде жаза өтөп жаткан соттолгондор арасында китеп окуу боюнча сынак баштады.

Сынактын максаты — камактагылардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, руханий дүйнөсүн байытуу жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга сынактын шарттары түшүндүрүлүп, 200 китеп таратылды. Ошондой эле соттолгондор үчүн ислам баалуулуктары боюнча лекция өтүлүп, китеп окуунун дүйнө таанымды кеңейтүүдөгү, адеп-ахлактык сапаттарды калыптандыруудагы жана коомго кайтып келүүгө даярдануудагы мааниси айтылды.

Сынактын жалпы байге фонду 200 миң сомду түзөт. Биринчи орунду алган жеңүүчүгө муздаткыч, экинчи орунга кирген катышуучуга кир жуучу машина, үчүнчү орунга газ плита берилет. Мындан тышкары, кошумча кызыктыруучу сыйлыктар да каралган.

Муфтияттан белгилешкендей, сынактын өзгөчөлүгү — жеңүүчүлөргө берилүүчү баалуу байгелер алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына тапшырылат.

«Бул соттолгондорду сынакка катышууга гана шыктандырбастан, алардын жакындарына да колдоо көрсөтүүгө багытталган», — деп белгилешти муфтияттан.

Тектеш кабарлар

Back to top button