Коом

Зимбабве Кыргызстандын санариптик тажрыйбасы менен таанышты

Зимбабвенин эл аралык соода тармагынын өкүлдөрү «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин IT бөлүмүнүн иши менен таанышты.

Аталган мекемеден билдиришкендей, алар ишке ашырылып жаткан санариптик чечимдер жана заманбап маалыматтык технологиялар жөнүндө маалымат алышты.

Ошондой эле жолугушууда тараптар санариптештирүүнүн жана технологиялык өнүгүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Мындан тышкары, алар санариптик кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Зимбабве 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү болуп шайланган. Бул эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жана тажрыйба алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Тектеш кабарлар

Back to top button