Актөш кызматта: милициянын төрт буттуу тартип сакчысы

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү белгиленип жаткан учурда Талас облусунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы иштер күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери заманбап талаптарга ылайык жаңы технологияларды жана санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кызмат өтөөдө кеңири колдонуп, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда.
Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө заманбап технологияларды жана инновациялык чечимдерди киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун демилгеси менен Актөш аттуу робот ит алынып келинген. Ал коомдук коопсуздукту камсыздоого жардам берет.
Бүгүн, Таластагы майрамдык иш-чаралар учурунда тартип сакчылары менен бирге кызматтык робот ит Актөш да кызматта.
Бул багытта кызматтык иттердин да орду өзгөчө. Алар милиция кызматкерлеринин ишенимдүү жардамчысы катары коомдук жайларда коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшөт.
Кыраакылыгы жана атайын даярдыгы менен айырмаланган Актөш — заманбап милициянын кесипкөйлүгүн жана кызматтагы жаңы ыкмалар менен салттуу тажрыйбанын айкалышын көрсөткөн төрт буттуу тартип сакчысы.
Заманбап милиция — жаңы технологиялар, кесипкөйлүк жана ишеним.



